"Парламентке өтүү үчүн босого чегин 1 пайызга түшүрүү дагы сунушталып жатат", - деп бүгүн, 20-октябрда жыйында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
"Элге шайлоо, тандоо укугун кайтарып бериш керек. Айыл өкмөттөрдү түз эл шайлоосу зарыл.
Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына демилгелүү жаштарды алып келүү керек. Алар парламентте болушу шарт. Шайлоо маданиятын калыптандырбасак алдыга жылыш болбойт. Шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктан 3 революция болду. Босого чекти төмөндөтүү боюнча маселе каралат. Эртең Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар активдүүлүгүн көрсөтүшөт. Айрымдар босого чегин 1 пайызга дагы түшүрөбүз дегенди колдоп жатышат", - деди ал.