Өкмөттүн аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары жана Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Пара алууга шектелип Кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, кармалгандар өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталганы маалымдалат.

"Аталган кызмат адамдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишинин тергөөсүнө байланыштуу маселелерди оң тарапка чечип берүү үчүн жеке ишкерден акча каражатын алышкан.

Топтолгон материалдардын негизинде УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

2020-жылдын 19-октябрында ыкчам-тергөө иштеринни алкагында К.Б. жана Ж.Э. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2020-10-20 11:35:16
Болот экен го бетин ачып эле чыгарса. Ким ууру, ким коррупционер экенин эл билип алсын.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан