Депутат Дастан Бекешев форма-2ни такыр эле жоюуга болбой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрда жыйында билдирди.
"Буга чейин көп эле сунуштарды бергем. Босого чегин 3 пайызга түшүрүү керек. Шайлоо күрөөсүн түшүрүүнү сунуштайм. Ошол эле учурда форма-2ни такыр эле жоюуга болбойт. Парламенттик шайлоодон кийин президенттик шайлоо башталат. Ошондуктан ушундай сунуштарды айтып жатам", - деди Бекешев.
Бүгүн жарандык коом жана партиянын өкүлдөрү келерки шайлоону талкуулап жатышат.