"Ишкерге кол салган". Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад облусунда эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2020-жылдын 19-октябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ички иштер министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Б.О. жана Э.К. кармалганы маалымдалат.

Маалыматта такталгандай, кармалган адамдар 19-октябрь күнү эртең менен ишкерге кол салып 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкени айтылат.

"Кылмышка шектүүлөрдү кармаган учурда уурдалган акча каражаттар, жасалма чет элдик валюталар, ток менен уруучу аппарат жана бычак менен сайылуучу нерселер далил буюм катары табылды. Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү үчүн тоноолорду уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келишкен. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдар Жалал-Абад шаардык ШИББ тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jacob.
2020-10-20 12:59:16
Мурда соттолгон, Сирияга барып келиптир баарын аныктапсыңар, эми атып салгыла! Башка эч вариант жок, сотко чейин өндүрүш деп убара болбогула, булар ашып кетсе 5 жылга камалат, 3 жылда чыгат кайра дагы ушул көрүнүш. Керек болсо булар СИЗО до дагы жөн жатпай буйрук берип жатышат...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан