Мас абалында 30 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылганга шектүү кармалды (видео)

Бишкекте зордуктоого аракет кылган деп шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 04:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына зордуктоого аракет жасады деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы барганда 1990-жылы туулган Д.М. аттуу аял арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:20 чамасында арыз ээсинин үйүнө белгисиз жаран мас абалында келип, зордуктоого аракет жасаганын айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн. Көрүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү Свердлов РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Аталган факты РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurbek56
2020-10-20 19:18:08
байкуш подстава болгонго кантип эле жыланач подеъзде журсун
+4
Kamchybek-007
2020-10-21 03:34:42
Подстава 100%
+3
nazira...
2020-10-21 10:46:23
Тыр жыланач чечинип зордуктабаса керек эле го. Чечингиче карап туруптурбу наркынысы. Апасындай катын менен болуу уят анын устунон.
0
Vovan
2020-10-21 13:53:07
Кимисине ишеничти билбейсин
0
Kona8631
2020-10-21 14:16:53
Постанова азыр аялзатына ишенбегиле ошентип акча тапкандар коп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан