УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жандандырылды

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президенттин 2020-жылдын 14-октябрындагы "2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" жарлыгынын колдонулушу токтотулсун жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын".

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМК:

— Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;

— Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан