Бишкектик “Дордойдун” капитаны Вадим Харченко 23-сентябрь күнү өткөн беттеште башынан жаракат алды

Малайзиянын Малакка шаарында АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) президентинин Кубогундагы биринчи пакистандык “КРЛ” клубу менен болгон беттеште бишкектик “Дордойдун” капитаны Вадим Харченко башынан жаракат алып, оюн талаасын 28-мүнөтүндө таштап кетүүгө мажбур болгон. Вадим Харченко пакистандык клубдун дарбазачысы менен сүзүшүп башы жарылган. Азырынча кийинки беттешке чыгары белгисиз. Ал эми беттеш 1:0 эсебинде пакистандык клубдун пайдасына чечилген. Оюндан кийин “Дордойдун” башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков: “Пакистандык клубдун оюнчулары талаада жасаган аракеттери менен биздин оюнчуларды коркутуп салды. Мирлан Мурзаев, Каюмжан Шариповтор топ тийиши менен топтон ажыраганга аракет кылып жатканы байкалып жатты. Эми тайпадан чыгуубуз бизден көз каранды болбой калды. Ошентсе да 25-сентябрь күнү палестиналык “Хилал Аль-Кудс” клубун жеңип, андан кийин пакистандык жана палестиналык клубдарынын беттешин күтөбүз” – дейт Дворянков.        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан