Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутаттар күн тартиби таратылып берилбей жатканы боюнча нааразылыктарын билдирди.
Депутат Каныбек Иманалиев парламенттин алдында таза шайлоо өткөрүү миссиясы турганын айтты.
Депутат Алтынбек Сулайманов күн тартибине шайлоо боюнча мыйзам тууралуу маселени кароону сунуштады.