Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Зарылбек Рысалиев спикер Канатбек Исаевди жыйынга кечикпей келүүгө чакырды. Ошону менен катар эле спикердин бул үчүн депутаттардан кечирим сурашы керектигин талап кылды. Ал эми Исаев кворум чогулганча күткөнүн жана комитеттин жыйыны өткөнүн айтты.
Саат 10:30да башталары айтылганы менен, жыйын 11:30дан өтүп башталды.