Бүгүн, 25-сентябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары өтөт. Анда “F” тайпасында алгачкы беттеш өтүп, Кыргызстан менен Оман курама командалары беттешет. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт. Беттеш 16:30да башталат. Эске салсак, “F” тайпасында Кыргызстан, Оман, Катар жана Бангладеш командалары оюн өткөрмөк, бирок Бангладеш командасы мелдешке катышуудан баш тартканына байланыштуу “F” тайпасынан чыгууга 3 команда ат салышат.