Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда айрым депутаттар референдум өткөрүүнү сунуштап жатышат.
Алтынбек Сулайманов депутат Өмүрбек Текебаев унчукпай отурганына таң калып жатканын айтты. "Конституциянын атасысыз, парламентте аксакалдардын катарын толуктап калдыңыз. Бул жерде унчукпай отурганыңызга таң калып жатам. Сизге мандат берилгенде башкалар сүйүнбөсө да, мен сүйүндүм эле. Эмнеге унчукпай отурасыз?"
Текебаев: "Мен кайсы саясатчы эмнеге сүйлөп жатканын билем. Өкмөт өкүлдөрү эмне үчүн ант беришкен жок. Ант бергенден кийин гана ишке кириши керек. Мыйзамда эмне жазылса, ошону аткарышыбыз керек.
Түркмөндөр "кыргыздар, Конституцияда кандай эреже болсо, ошону аткаргыла" деди. Туура, биз бул эреже менен кетишибиз керек. Бүгүн биз президенттик шайлоону дайындашыбыз зарыл. Конституциянын кайсы жерде кемчилиги бар экенин 10 жылда билдик", - деди.