Шоумен Актан Рыскелдиев: "Үчүнчү ирет уулдуу болгонума ыйладым, башкача сезимдер болду"

Шоумен, актёр Актан Рыскелдиевдин жубайы көз жарып, түгөйлөр үчүнчү ирет ата-эне болушту. Ымыркай бүгүн, 21-октябрда саат 09:45те борбордогу төрөтканалардын биринде төрөлдү.

"Эртең менен жубайымдын толгоосу кармап баштаганда ойгонуп кеттим. Төрөт үйүнө баргандан 1 сааттан ашык убакыттан кийин уулубуз төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

Балабызга ысымды жубайым Феруза коёт, варианттары бар. Үчүнчү ирет уулдуу болгондогу сезимдер башкача болуп ыйлап алдым", - дейт ал.

Актан Рыскелдиев 2014-жылдын сентябрь айында үйлөнүп, жубайы Феруза экөө Жантай жана Анатай аттуу уулдарды тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2020-10-21 13:50:28
Өмүрлүү болсун, Кыргызстандын керегине жараган жигиттерден болсун.
+10
Bakbai
2020-10-21 14:19:40
Омуру узун акылдуу жигит болсун .Бир ширин балдарын бар экен .Бешик боо бек болсун
+7
meku9205
2020-10-21 16:51:12
Ыймандуу акылдуу супсулуу балдардан болуп чонойсун
+5
Baatirbek81
2020-10-21 17:10:49
Бешик бооң бек болсун!
Дагы дагы төрөтө бер кыргыздар көбөйө берсин!
+3
Bikosh2015
2020-10-23 04:16:38
Ушул Актан такыр жакпайт. Жаш бала эле пейили. Тооба кылдым. Актан озуно келчи иним жаштыгын калбаптыр го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан