Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Зарылбек Рысалиев Өмүрбек Текебаевдин сүйлөгөн сөзүнө сын айтты.
"Текебаев мен ар бир депутаттын кыйшайганын билем деп айтты. Сиз өзүңүздү өзүңүз билесизби? Түркмөндөрдүн системи менен теңеп жатасыз. Биз кыргызбыз. Биз коркуудан өткөнбүз", - деди Рысалиев.
Депутат Жанар Акаев ордунан Рысалиевге жооп кайтарды. "Мурунку президентти Манаска теңедиңиз эле", - деди Акаев.
Рысалиев жооп кайтарайын дегенде микрофон берилген жок.