Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Жыйында шайлоо боюнча мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Анда босого чегин төмөндөтүү тууралуу сөз болууда. Депутат Төрөбай Зулпукаров Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековадан: "Шайлоо аныкталды. Мындан улам мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр иштей береби?", - деп сурады.
Шайлдабекова: "БШК кайра шайлоосун дайындады. Шайлоо 20-декабрга дайындалды. Өзгөрүүлөр иштей берет", - деди.