Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда шайлоо боюнча мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, босого чегин төмөндөтүү маселеси талкууланып жатат.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Алтынбек Сулайманов кечээ жарандык коом босого чегин 1 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун айтканын билдирди.
Депутат Талант Мамытов бул мыйзам долбоорун коомдук окууга коюп, процедураларды сактоо керектигин белгиледи.