Кыргызстандык спортчулар катышып жаткан шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда 11-тур жыйынтыкталды

Түркиянын Коджаэли шаарында 20 жашка чейинки жаштар арасында өтүп жаткан шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда 11-тур жыйынтыкталды. Ага катышып жаткан кыргызстандык спортчулардан эркектер арасында Жохар Жанбай уулу 11-турда жеңилүү ызасын тартып, мелдеш жыйынтыкталарына 2 тур калганда 5 упайы менен 69-орунга түштү.  

Эске салсак, 10-турда Жохар Жанбай уулу 58-орунга көтөрүлгөн болчу. Эркектер арасында жалпы 117 катышуучу бар. Ал эми кыздар арасында Айжан Алымбай кызы 11-турду тең чыгуу менен жыйынтыктап, 5 упайы менен 53-орунду ээлесе, Айжаркын Шынгыс кызы жеңишке жетип, 4 упайы менен 69-орунду ээледи. Жалпысынан кыздар арасында 77 катышуучу бар. Мелдеш дагы 2 турдан кийин жыйынтыкталат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан