Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин комитети айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралды.
Анын талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаган.
Депутат Аалы Карашев эң көп сын айтылган тармак аталган министрлик экенин айтып, ийгилик каалады.
Жыйынтыгында депутаттар Токтогазиевдин талапкерлигин колдоду.