Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө.
Анда башкы прокурорлукка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралды. Добуш берүү жашыруун өтүп, депутаттар Зулушевди башкы прокурор кылып шайлашты. Зулушев буга чейин SUPER.KG'ге өзүнүн аталган кызматка талапкерлиги боюнча комментарий берген. Анда ал: "Менин талапкерлигимди президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштады. Ишеним көрсөтүлүп, сунушталып жаткандан кийин бул кызматка барууга милдеттүүмүн", - деген ал.
Буга чейин бул кызматты Өткүрбек Жамшитов аркалап келген.