Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеште айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралып жатат.
Депутат Бакирдин Субанбеков Токтогазиевден жумушту эмнеден баштайсыз деп сурады.
Токтогазиев: "Дыйкандарды бириктирип, кооператив түзүп, жаңы рынокко чыкканга мүмкүнчүлүк ачылат. Санариптештирүү иштери жүрөт. Дыйкандын киреше булактарын көтөрүү керек", - деди.