Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Аламүдүн районундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 18:56да толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан №539 турак үйдөн өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм жана 1 штаб тартылган.

"Өрт саат 17:38де чектөөгө алынып, жакын жайгашкан турак жайларга жана башка объектилерге өрттүн жайылып кетүүсүнө жол берилген жок. Өрт 18:56да толугу менен өчүрүлдү, жабыркагандар жана каза болгондор жок, өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан