БШКнын төрайымынын орун басары: "ИИМ БШКнын бардык мүчөлөрүн суракка чакырды"

Ички иштер министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн суракка чакырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов журналисттерге билдирди.

"ИИМ өкүлдөрү бардык БШК мүчөлөрүн суракка чакырып, алар расмий чакыруу жөнөткүлө деп барган жокпуз", - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү күбө катары чакырылганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ишти Башкы прокуратура козгогон. Эч ким арыз жазган эмес, факты боюнча гана шайлоо убагында көп шайлоо мыйзамдары бузулган. Ага БШК тийиштүү чара көргөн эмес деп. БШК мүчөлөрү күбө катары гана чакырылган", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан