Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы ГЭС-3 көлмөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Маалыматка ылайык, 21-октябрь күнү саат 18:47де Мыкан айылындагы ГЭС-3 көлмөсүндө эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Аталган жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган, натыйжа болгон эмес.