Бишкек шаары менен Чүйдө үйлөргө уурулукка кирип, жарандарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

ИИМдин криминалдык милиция кызматы Свердлов РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап, тоноо жана уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Аталган топ Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында кылмыш жасап, үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап жүрүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн маалыматы боюнча жай мезгилинде кылмышкерлер 11 уурулукту жана 8 тоноону жасашкан. Үйлөрдөн мүлктөрдү гана эмес, малдарды дагы уурдап кетишкен. Шектүүлөр Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандар.

"21 жаштагы шаар тургуну бир жыл мурда абактан эркиндикке чыккан. Бирок ага карабастан кайра бир катар кылмыш иштерин жасаганга үлгүргөн. Бул топко Чүй облусунун 23 жаштагы жашоочусу дагы кошулуп, ал дагы мурда кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон. Уурулукту түнкү маалда жасашып, акча каражатын, алтын жасалгаларын, тиричилик буюмдарын жана башка оокаттарды уурдап жүрүшкөн. Ушул жылдын 27-июнь күнү кылмыштуу топтун катышуучулары шаар тургунунун үйүнө түн ичинде кирип, 16 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга кайрылып, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Андан сырткары, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар тоноо менен дагы алектенип жүрүшкөн. Алар эки аялга кол салып, акча каражаты жана телефону салынган сумкаларын тартып алышкан. Ушул жылдын сентябрь айында ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган С.О. аттуу шектүү кармалган. Ал мурда соттолгон. Ошондой эле мурда бир нече жолу соттолгон экинчи шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Ал башка дагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн камакта экендиги маалым болгон. Азыркы учурда бул кылмыштуу топтун башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени текшерилип жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KUTUZ87
2020-10-22 11:16:18
Жазалансын !
0
aerforce
2020-10-22 12:14:47
Бетин бекитпегилечи
0
ZALKARBEK.84
2020-10-22 12:38:10
Бармактарын кесиш керек, камасан кайра чыгып дагыле мындай иштерин жасашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан