Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун отставкасын кабыл алды

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

20-октябрда Азиз Суракматов отставкага кетерин жарыялаган. Ал алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын билдирген. Суракматов буга чейин 6-октябрда дагы арызын жазып, ээлеген кызматынан кеткен. Бирок шаардыктар анын кайтып келишин талап кылган акция уюштургандан кийин кайрадан өз ордуна келген.

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп 2018-жылдын 8-августунда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан