“Ак-Тилек” өткөрмө пунктунан баасы 5 миллион 11 миң 537 сом болгон аткезчилик товар кармалды

“Ак-Тилек” өткөрмө пунктундагы унаа токтотуучу жайдан 5 миллион 11 миң 537 сом болгон аткезчилик товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында “Ак-Тилек” өткөрмө пунктундагы унаа токтотуучу жайдан Мерседес-Бенц Спритер үлгүсүндөгү үч транспорт каражатынан Орусия Федерациясынын акциздик маркасы менен 1 миллион 976 миң даана Прима Дона жана Беламорканал маркасындагы тамекилер табылган.

"Өндүрүүчүнүн берген корутундусуна ылайык, кармалган тамекилер аткезчилик жана алардын акциздик маркалары жасалма болгон. Өндүрүүчүгө келтирилген зыяндын көлөмү 5 миллион 11 миң 537 сомду түзгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тийиштүү органга өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2020-10-22 12:41:22
Беламор барбы даагы деле?
0
Erkin0208
2020-10-22 13:09:09
Иштесе болот экен го.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан