УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалышы боюнча маалымат берди

Крим авторитет Камчы Көлбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө “мыйзамдагы ууру” аталган Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) байланыштуу маалыматтар алынган.

Бул материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Бүгүн, 22-октябрда Камчы Көлбаевдин жүргөн жери аныкталып, УКМКнын тергөө кызматына алынып келинген. Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында Көлбаевдин жана ага байланышкан адамдардын кылмыш чөйрөсүнөн кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Камчы Көлбаев кармалганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Arzybekkg
2020-10-22 12:57:21
Мына Эми С.Жапаров у каралагандар эмне дейсинер? Дагы эмнени ойлоп тавасынар
+30
Islam98
2020-10-22 13:14:52
Arzybekkg,Азамат экен
+25
Shabi
2020-10-22 13:21:46
Islam98,колуна наручник салып камачудай болуп УКМКга алып келип туруп эле,кечинде кайра чыгарып жиберчуле.Колбаевти айлап жылдап камай албайт коросунор го.
-13
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-22 14:02:30
Shabi, ар бир созубузго оюбузга периштелер омийн деп турушат. Ошондуктан ниетти туздойлу. Жер жузундо козу ачыктар гана болочокту коро алышат - ошого жараша куноого батышат.
+11
nur-Saku
2020-10-22 14:10:02
Жапаровду президент кылыш керек калгандары туман Ташиев Жапыкеев туйруйт коросунорго коро албагандар туз жалагыла
+11
bond02
2020-10-22 14:38:23
Суроттогу жерде жаткан Колбаев деп ойлойсунарбы, бийликке жакшы шоумендер келиптир.
-9
Agayu
2020-10-22 14:50:20
С Жапаровду калың карапайым эл колдойт !! Калгандарына туз дагы жалко!!
+9
Mirzita81
2020-10-22 14:56:39
Кыргыз элим кичине ниетибизди ондоп колубуздан келбегенден кийин тилибиз мн отуруп алып суйлогонду токтотолучу озу бизге эмне дагат кандай кылса да бир кыйшыгын таап турат экенбиз .
+10
rola
2020-10-23 07:47:17
Ташиев чекеден криминалдарды кармап.Коррупцияны жок кылат деген ишеничтебиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан