Жогорку Соттук органдын жетекчилик кызматтагы адамы автоматташтырылган "Жергиликтүү сот" маалыматтык системин ишке киргизүүдө коррупциялык иштерге барганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Жогорку Соттун жооптуу кызматтагы адамдары менен автоматташтырылган системди ишке киргизүүгө жооптуу болгон IT компаниянын жетекчилигинин кылмыштык иш-аракеттеринин натыйжасында, кызматтык сыр болгон маалыматтар сыртка чыгып кеткени маалымдалат.
"2016-жылы Евробиримдик уюму тарабынан "Жергиликтүү сот" системин иштеп чыгуу максатында гранттык каражат берилип, аны ишке ашыруу "ЦБИ" ЖЧКсына берилген. Бирок аталган компаниянын жетекчиси Жогорку Соттун жооптуу кызмат адамдары менен сүйлөшүп, гранттык каражаттын негизги бөлүгүн өз пайдаларына ээлеп алышкан.
Ал эми "Жергиликтүү сот" системи үчүн эски программалык жабдыктар берилген. Мындан улам бул систем бүгүнкү күнгө чейин баланска алына элек. 2020-жылдын ноябрь айында "Жергиликтүү сот" системинин программалык продукция техникалык колдоосун жоготуп, ведомстволор аралык "Түндүк" системине туташа албай калат.
"Коррупциялык" элементтерди жашыруу максатында Жогорку Соттук органдагы жооптуу кызматкерлер "Жергиликтүү сот" системин ишке ашыруу үчүн башка IT компания менен келишим түзгөн. Келишим боюнча, ал компания жаңы программалык жабдыкты түзүү милдетин алган. Бирок бул үчүн каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп, 8 миллион сом бөлүнүп берилмей болгон", - деп жазылат маалыматта.
21-октябрда бул кылмышка шектүү катары "ЦБИ" ЖЧКсынын жетекчиси З.А. жана Жогорку Сотко караштуу сот департаментинин алдындагы "Адилет" сот мекемесинин жетекчиси Т.А. кармалды. Учурда шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилгени маалымдалат. Аталган факты боюнча "коррупция" беренеси менен иш козголуп, тергелип жатат.