Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Ал чет өлкөгө виза жасап берүүнү убада кылган

Финляндия Республикасына визаларды алдамчылык жолу менен жасап бергенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 20-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, Ш.К. аттуу чала таанышына карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, чала таанышы виза жасап берүү үчүн андан 350 евро жана 2 миң 600 сом өлчөмүндөгү акча алып, убадасын аткарбай, жашырынып жүргөн.

Мындан тышкары ушул жылдын март жана сентябрь айларында шаар тургундарынан дагы арыздар келип түшкөн. Анда "Финляндия Республикасына виза алууга көмөктөшүү убадасын берип, ишенимге кирген Л. аттуу адамга карата чара көрүү айтылган. Жабырлануучулардын бири виза жасап берем деген жаранга 300 доллар, экинчиси 350 евро жана 2 миң 600 сом өлчөмүндөгү акча каражатын берген.

"Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Октябрь РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде, 1980-жылы туулган А.Л. аттуу жаран шектүү делинип кармалып, кылмышка тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн тергөө бөлүмүнө киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жапа чеккен же ал тууралуу маалыматка ээ болгондор төмөнкү телефон номерлерине байланышып коюуну өтүнөт: 0 (706) 23-33-06, 0 (552) 10-24-74 жана 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан