БШКга партиялардан кайрадан шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө. Бүгүн, 22-октябрда дагы үч саясий партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына тизмеси келип түшкөн.
Алар "Ата Мекен", "Мекен Ынтымагы", "Билим илим Ордосу" партиялары.
Эске салсак, 6-октябрда Бишкекте массалык нааразычылыктар жана баш аламандыктар башталгандан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Өлкөдө бийлик алмашып, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен. Азыр мамлекет башчысынын милдетин жана премьер-министр кызматын Садыр Жапаров аткарууда.