
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында жигитти айылдаштары катуу сабап кетишкен. Бул тууралуу сабалган жигиттин эжеси
Нүргүл Ырысбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр
Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон.
"Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында 5-октябрда түнкү саат 00:00 чамасында иниме балдар телефон чалып чакырышкан. Чакырган балдар Шоро-Башат айылынын тургундары 1988-жылы туулган А.К., 1989-жылы туулган Б.Р., 1994-жылы туулган К.Д., ошондой эле Мырза-Аке айылынын 1984-жылы Д.О. аттуу тургуну болгон. Бизге маалым болгондой, Мырза-Аке айылынын тургуну "Дөкү" каймана аты менен таанымал болгон крим чөйрөдө жүргөндөрдүн бири.
Иним жаман ойлобостон, чалган балага жалгыз барып сүйлөшөм деген. Жолдон 2 досуна жолугуп алар шашлык жеп келүүнү сунуштайт. Иним чакырган балдарга жолугуп өтөм деген ойдо 2 досун алып алат. Алар унаанын артында болушат. Иним унаадан түшөөр замат жолукмакчы болгон кишилер тапанчанын арты менен башка чаап жиберет. Ал башын кармаганда жапырт ур-токмокко алышат. Эки баланын колунда тапанча, ал эми башка балдардын колунда электрошокер жана бита (бейсболдун таягы) болот. Инимдин унаадагы дос баласы түшүп, таягын жеп, бети-башы жарылганда күчү жетпесине ынанып, качып тайкесин жардамга чакырууга кетет. Ал эми экинчи досу унаадан түшүп, көздөн кайым болгон.
Бул балдар инимди уруп гана тим болбостон, өлтүрүү аракетин кылышкан. Досу тайкесин чакырып келген убакта балдар качып кетишет.
Азыркы убакка чейин акылыбызга сыйбай келет. Айыл жериндеги балдарда кайдан тапанча? Бул балдарды даярдап жана дайындап, буйрук кылып колдоруна курал карматкандар башкалар.
Урматтуу премьер-министр Садыр Нургожоевич, УКМК жетекчиси Камчыбек Кадыршаевич сиздерден өтүнүч, коррупцияга жол бербей, ишти адилеттүү карап, күнөөлүүлөрдү таап, мыйзам чегинде жоопко тартышыңыздарды өтүнөбүз.
Иним башынан оор жаракат алып, тиштери талкаланган, эрини жарылган жана оң колунун манжалары сынган. 7-октябрда операция жасалды. Бүгүнкү күндө абалы оор бойдон калууда", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Ал эми бул окуя тууралуу Ош ОИИББи SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Шоро-Башаттагы ээнбаштыкка катыштыгы бар делинген шектүүлөр кармалган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылынын тургуну 1991-жылы туулган И.Н. ошол эле айылдын тургундары Куту, Данияр, Расул жана бейтааныш болгон 3-4 жаран өздөрүнүн Лексус үлгүсүндөгү автоунаасы менен келип, Расул аттуу жарандын уюлдук телефону менен И.Н.га чалып чакырышып, эч себепсиз ур-токмокко алышкан.
Натыйжада Н.И. окуя болгон жерден алган жаракаттарынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, андан кийин Ош облустук ооруканасына жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча 1984-жылы туулган Рысбаева Атыргул Иматалиевна арыз менен кайрылып, жабырлануучу Н.И.нин ден соолугуна байланыштуу,ал өзүнүн укук милдеттерин толук камсыз кыла албагандыгын эске алып, анын мыйзам тарабынан корголгон укуктарын толук жүзөгө ашыруу максатында мыйзамдуу өкүлү деп табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылынын тургундары 32 жаштагы А.К., 31 жаштагы Б.Р. жана 26 жаштагы А. уулу Д. аталган кылмышка шектүү катары 9-октябрда кармалып, 2 айга камакка алынган. Бүгүнкү күндө алар Ош шаарындагы ЖАМКнын №25 мекемесинде кармалууда.
Учурда аталган кылмыш ишине башка катыштыгы бар делинген жарандардын аты-жөнүн аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти Ош ОИИББинен.