Алтынбек Сулайманов: "Форма 2 жокко чыкты"

Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Азыр жыйынга 83 депутат катышууда. Дээрлик беш сааттан кийин парламент депутаттары кворум чогултушту жана алар жыйындын күн тартибин бекитишти. Анда эл өкүлдөрү жумуш күнүн узартууга добуш беришти.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизиле турганы талкууланууда. Жыйында депутат Алтынбек Сулайманов сөз сүйлөп, босого чек боюнча депутаттардан көп сунуштар түшкөнүн айтты.

Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөрдүн биринчиси - шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга тѳмѳндѳтүү, экинчиси – форма 2ни алып салуу, үчүнчүсү – күрөөнү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтуу болчу.

Сулайманов сүйлөп жатып форма 2 алып салынганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан