Депутат Акылбек Жапаров алдыда парламенттин депутаттарын жана 3 айдан кийин президентти кайра шайлоону токтото турууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында айтты.
"Азыркы учурда БШКнын иши токтоп калды. Жогорку Кеңештин ишин жана парламенттин имаратын калыбына келтирүү талап кылынып жатат. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 450 миллион сом керектелет. Мындан тышкары коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну башталды. Тилекке каршы, бюджеттик тартыштык 36 миллион сомдон ашып бара жатат. Премьер-министрдин экономика жана каржы кеңешчиси катары айтсам, социалдык төлөмдөрдү, айлык акыны жана тышкы карызды төлөгөнгө биз шайлаган өкмөттүн мүмкүнчүлүгү бар.
Бирок 3 айда референдум өткөрүп, президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүүгө акчалай мүмкүнчүлүк жокко эсе. Ар бир шайлоону өткөрүү 450 миллион сомду чапчыйт. Ошондуктан кайра шайлоону токтото туруп, конституциялык референдум өткөрүүнү сунуштайм", - деди ал.
Депутаттар 3 окуудан кийин кайра шайлоону токтото туруу мыйзам долбоорун кабыл алышты.