"Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес, азыркы өкмөт башчы мени угам деп жатат" дейт Акылбек Жапаров (видео)

Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйынга 83 депутат катышууда. Дээрлик беш сааттан кийин кворум чогулуп, депутаттар жыйындын күн тартибин бекитишти.

Жыйында депутат Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, азыркы өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчиси экенин айтты.

Буга таң калуу менен караган Мирлан Бакиров "Садыр Жапаровдун кеңешчиси болушуңуз менен куттуктайбыз" деди. Буга депутаттар күлүп, кол чабышты. Бакиров "Буга чейин Абылгазиевдин да кеңешчиси болдуңуз эле, ишиңизге ийгилик" деди сөзүн улай. Анда Жапаров "Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес. Азыркы өкмөт башчы мени угам деп жатат, рахмат", - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан