Бишкекте кылмыш жоопкерчилигинен качып, аты-жөнүн өзгөртүп жүргөн жарандар кармалды. Алардын бири 2013-жылдан бери зордуктоого шектелип издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 1991-жылы туулган И.Б. Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 129-беренесинде ("зордуктоо") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Биринчи Май РИИБи тарабынан 2013-жылдан бери изделип жүргөн.
"Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери издөө жана ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, жогорудагы кылмышка шектүү жаран өзүнүн аты-жөнүн Ж.Б. деп өзгөртүп, борбор калаада жашырынып жүргөндүгүн аныкташып, колго түшүрүштү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди".
Ал эми экинчи жаран 2009-жылдан бери Октябрь РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.
"1991-жылы туулган Ж.С. аттуу шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси ("каракчылык") менен 104-беренесинде (эски редакция "денеге атайылап оор залал келтирүү, натыйжада жабырлануучунун өлүмүнө алып келген") көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн изделип жүргөн.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү аты-жөнүн өзгөртүп, Бишкек шаарынын аймагында изин жашырып жүргөндүгү аныкталган. Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти мекемеден.