"Кызганычтан улам сабаганын айткан". Ошто аялынын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Ош шаарында аялын өлүмгө жеткире сабаган жаран бүгүн, 22-октябрда Бишкектен кармалды. Маалыматты Ош ШИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"Өз аялын өлтүрүүгө шектүү катары 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалды. Тергөөнүн алгачкы жүрүшүнө ылайык, шектүү 20-октябрда Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде аялына жана кайненесине кол салган. Кайненеси оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүүнүн аялы бүгүн, 22-октябрда саат 13:30 чамасында үйүндө каза болгон. Маркум 1991-жылы туулган Р.М. экени белгилүү болду. Күбөлөрдүн айтуусунда, каза болгон аял кош бойлуу, көз жаруу алдында турган.

Шектүүнүн берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, анын мындай оор кылмыш жасоосуна кызганыч себеп болгон. Учурда бул окуя боюнча дагы тергөө иштери жүрүүдө. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, окуяны ар тараптуу иликтөө иштери башталды", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
narynbek2001
2020-10-22 22:30:30
Коомдук ан сезимдин денгеели аял кишиге болгон мамилесинен билинет. Бизде аял кишиге карата зоокурлук кобойду.
+2
yrys2000
2020-10-23 00:10:29
Эх недеген абийрисиздик недеген шумдук ай ай байкуш Келин ай
+2
bayern-munchen
2020-10-23 01:15:15
кыргызга окшобойт озбек окшойт
+4
algakaray
2020-10-23 05:30:48
Атып эле салыш кк.
+3
rola
2020-10-23 08:07:28
Бир эмес эки адамдын омурун алыптыр акмак!Аялы коз жаруу алдында турса каяктагы кызгануу.Кочодо жон журбой уйуно келип алып аялын кызганган эркектерди тушунуп болбойт.Бул дагы туугандардан окшойт кебетеси келишип.
+4
asman.81
2020-10-23 08:51:12
Олум жазасын киргизиш керек,бир эмес эки адамдын омурун кыйыптыр!!!
+1
Begimkyz.
2020-10-23 09:56:08
Неге аялы үйүндө көз жумат? Больницага алып кетишкен эмеспи?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан