Бүгүн, бишкектик “Дордой” клубу Малайзиянын Малакка шаарында өтүп жаткан АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) президентинин Кубогундагы чечүүчү беттешин өткөрөт. Анда “Дордой” Палестинанын чемпиону “Хилал Аль-Кудс” клубу менен кез келет. “Дордойго” өз тайпасынан чыгуу үчүн бул беттеште 2 гол айырмада жеңип, кийинки пакистандык жана палестиналык клубдардын беттешинде палестиналык клубдун жеңишин тилеш керек. Эске салсак, “Дордой” “В” тайпасында пакистандык “КРЛ” жана палестиналык “Хилал Аль-Кудс” клубдары менен тайпадан чыгуу үчүн ат салышат. Биринчи 23-сентябрь күнү өткөн беттеште пакистандык “КРЛ” клубуна 1:0 эсебинде жеңилип, тайпадан чыгууга болгон мүмкүнчүлүгү чектелип калды.