Шайлоону жылдыруу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду. Бул тууралуу ал өзү 22-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Буга таң калуу менен караган төраганын орун басары Мирлан Бакиров: "Садыр Жапаровдун кеңешчиси болушуңуз менен куттуктайбыз. Буга чейин Абылгазиевдин да кеңешчиси болдуңуз эле, ишиңизге ийгилик" деди. Анда Жапаров "Абылгазиев менин кеңешимди укканда, отставкага кетмек эмес жана 3 жылда президенттин ыйгарым укуктарын тапшыртмак эмес. Азыркы өкмөт башчы мени угам деп жатат, ошондуктан бардым", - деп жооп берди Акылбек Жапаров.
Жапаров коомдук башталышта кеңешчи боло тургандыгын жана эмгек акы албай иштей тургандыгын кошумчалады.
Буга депутаттар күлүп, кол чабышты.