Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК жүргүзгөн ыкчам изилдөө иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларга карата тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды.
"2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну, ошондой эле ысык жана муздак сууну сынаксыз жана тийиштүү тендерсиз ишке ашырышканы аныкталган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.