Бишкекте 10 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип кетти. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен өспүрүм секирип кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 10 жаштагы Д.Д. аттуу өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.