Элдар Аттокуров өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары, өкмөттүн аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.