Ош шаарынан унаа уурдап айдап бара жаткан айдоочу Токтогул районунда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-октябрдан 23-октябрга караган түнү Ош шаарынын ХБК кичи шаарчасынын тургунуна караштуу болгон кызыл түстөгү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар уурдап айдап кетишкен.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын кызматкерлери Кара-Көл шаары менен Токтогул районунун аралыгында кызмат өтөп жаткан учурда аталган унааны Бишкек багыты боюнча айдап бара жаткан жеринен токтотушкан.
"Бирок айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей катуу ылдамдыкта жолун улаган. Аталган кызматкерлер кийинки посттогу кызматкерлерге маалымат берген. Бирок айдоочу анда дагы токтогон эмес. Кызматкерлер атайын кызматтык унаа менен артынан кууп жеткен учурда айдоочусу унааны таштап тааланы карай качып жөнөгөн. Бирок көп узабай кармалган. Учурда айдоочу Токтогул РИИБине жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.