2020-жылдагы эң бүйүр кызыткан беттештердин алды болгон Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гейтжинин жолугушуусуна 1 күн калды.
UFC 254 турнири "Flash Forum" аренасында Абу-Даби шаарына жакын жайгашкан Яс аралында өтөт. Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. 21:00дө алдын ала карддагы беттештер орун алса, ал эми башкы карддын таймаштары түнгө жакын башталат.
Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гейтжинин беттеши болжол менен Бишкек убактысы боюнча, саат 01:00 - 02:00 аралыгында орун алат.
⠀