Эки жаштын жакшылыгына жарчы болуп, тойлордо жар-жар айткандардын катары дагы толукталды. Дегенибиз, ырчы Айдана Дека мындан ары жар-жар айтып, элдин кызматында болууга даяр. Бул тууралуу Айдана Дека менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Жолдошумдун бир тууган инисин үйлөнтүп, үлпөт той өткөрдүк. Анда мен жеңелик милдетимди аткарып, алгачкы жолу жар-жар айтып чыктым.
Буга чейин "жар-жар айтасыңбы?" деп сурагандар көп болчу. Өзүм жаңы келген келинмин, үй-бүлөлүк жашоодо тажрыйбам болуш керек, балалуу болгондон кийин гана жар-жар айтуу тууралуу ойлоном дечүмүн. Менимче, бардык нерсенин өз убагы болот.
Жолдошум Аваз экөөбүздү өкүл ата, өкүл апа кылгысы келген түгөйлөргө балалуу болуп, ата-эне макамын алалы дечүбүз. Эми өкүл ата, өкүл апа да болуп баштадык", - дейт ал.