Шаар тургунуна бычак такап, акча каражатын талап кылганга шектелген жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"20-октябрда Бишкек ШИИББине Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, кебетеси азиялык болгон белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анда арыздануучуга 12-кичи райондогу кафелердин биринде белгисиз жарандар бычак такап, 3 миң доллар акча каражатын талап кылышып, баасы 86 миң сом болгон ноутбугун күрөөканага өткөрүп, акчасын бер дешкен. Ошондой эле 2 күндөн кийин дагы 100 миң сом даярдап коюуну талап кылышкандыгы айтылган".
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардан бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү катары 1994-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жогорудагы окуяга катыштыгы бар делинген жарандарды аныктоо иштери улантылып жатат".