Кыргызстандык спортчулар Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн ок атуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондугунда 10 медаль жеңишти. Алардын төртү алтын, бири күмүш жана алтысы коло медаль. Аталган мелдешке Кыргызстандан 9 спортчу катышкан. 2 алтынды Руслан Исмаилов менен Елена Исмаилова жеке атууда жеңсе, дагы 2 алтынды кыргызстандык спортчулар командалык эсепте жеңген. Ал эми жалпы командалык эсепте 10 медаль менен кыргызстандык команда 3-орунду ээледи. Мелдешке Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан командалары катышкан. Бүгүн, 25-сентябрь күнү дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат борборунда Кыргызстан курама командасынын ок атуу боюнча машыктыруучусу Тахир Исмаиловдун катышуусунда маалымат жыйын болду. Анда Тахир Исмаилов спортчулар каржы жактан аксап жатканын айтты. Ошондой эле 17-октябрь күнү Тегеранда баштала турган 4 жылда бир өтүүчү континенталдык мелдешке спортчулардын документтери жана каржы маселеси дагы эле чечиле элек турганын билдирди.