Белгисиз адамдар Садыр Жапаровдун атын жамынып, ЭлТРдин жетекчисин коркутушканы белгилүү болду

Шайиста эже, сизге карата белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болгону чынбы?

– Ооба, бүгүн белгисиз бир нече эркек кишилер келип, кызматтан кетишимди талап кылышты. Өздөрүн Садыр Жапаровду коргоо уюмунун өкүлдөрүбүз, анын атынан келдик деп тааныштырышты.

Сиз бул окуяны кандай кабыл алдыңыз?

– Бул албетте, акылсыздык жана провокация. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде мен ЭлТР каналынын башкы директорлук кызматына 16-октябрда бекитилгем. Анан мени кызматка бекиткен адам көчөдөгү кайдагы бирөөлөрдү жибермек беле?! Бул коркутуунун артында Садыр Жапаровдун тегерегиндеги анын кадрдык маселелерине кийлигишкен бирөө турушу мүмкүн. Ошондой эле анын коллективдин ичинде бүлүк салуу аракетин көрүп жаткандар менен байланышы бар болушу мүмкүн.

Сиз ушул маселе боюнча президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өзүнө кайрылдыңызбы?

– Кайрылууга бир нече күндөн бери аракет кылдым. Эч бир майнап чыккан жок. Ошондон улам бул окуялар коллективге бүлүк салуу жана бүгүнкү коркутуу аракеттеринин артында Садыр Жапаровдун кадрдык маселелерине кийлигишкиси келген, анын жанындагы бирөө бар деген ойго түртүп жатат.

Ушул коркутуу аракеттери боюнча милиция же башка күч органдарына кайрылдыңызбы?

– Мен алгач өлкө жетекчиси менен сүйлөшүшүм керек. Садыр Жапаровдун атын жамынып, аны жаманатты кылып жаткандардын жүздөрүнүн ачылышына Садыр Жапаров өзү да кызыкдар деп ойлойм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан