"БШКда тинтүү иштери жүрүп жаткан жок, тергөөчүлөр документтерди текшерип жатышат", - деп бүгүн, 24-октябрда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Бул тинтүү иштери эмес. Тергөөчүлөр соттун токтомунун негизинде документтерди текшерип жатышат. Биз тийиштүү документтердин баарын көрсөтүп жатабыз. Болгону бул биздин ишибизге тоскоолдук жаратып жатат", - деди ал.
Буга чейин учурда Борбордук шайлоо комиссиясында тинтүү иштери жүрүп жатканы кабарланган.