Бишкекте электр энергиясына тиешелүү буюмдарды уурдаган жаран кармалды

Бишкекте электр энергиясына тиешелүү буюмдарды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда болжол менен саат 5:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Байтик баатыр көчөсүнөн электр энергиясына тиешелүү буюмдарды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

"1963-жылы туулган А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 5:00 чамасында “ОсОО пикник” имаратынан узундугу 150 метр болгон баасы 20 миң сомду түзгөн кабелди уурдап кеткен. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иштерин уюштуруп, кылмыш изин суутпай кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган З.А. аттуу жаранды кармашып, октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан