Саясий серепчи кыргызча сүйлөгөн министрди үй ээсин сыйлоого чакырган Лавровдун пикири боюнча оюн билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызча сүйлөгөн Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди үй ээсин сыйлоого чакырды.

Москвадагы басма сөз жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен журналисттин ортосунда кыргыз тилиндеги суроо-жооп болгон. Анда Лавров "кечиресиз, сиз үй ээсин сыйлап коюшуңуз керек. Макулбу? Бул бардык маанисинде" деген. Бул социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат.

Саясий серепчи Эдил Осмонбетов бул боюнча пикирин SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен бул видеону эки-үч жолу көрүп чыктым. Лавров жумшак эле айтты. Кыргыз өлкөсүнүн журналисти кыргызча суроо бергенде жумшак эле сурап, анан орус тилине которуп берди. Кыргыз мамлекетинин журналисти болгондон кийин суроону кыргызча эле берсе болот. Биздин жарандар Лавровдун пикирине эмоционалдуу реакция кылып жатышат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан