Каракол шаарында каракчылыкка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды

Каракол шаарында каракчылыкка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылган. "Анын айтымында, 22-октябрь күнү анын 13 жаштагы кызы адаттагыдай эле алардын дүкөнүндө соода кылып жаткан. Болжол менен эртеӊ мененки саат 10:00 чамаларында дүкөнгө белгисиз адам кирип, бычак менен кызын коркутуп, бир нече текчелерди сындырып, андан кийин бир нече азык-түлүктөрдү алгандан кийин, белгисиз тарапка качып кеткен. Дүкөндөн кетип жатканда кечинде кайра кайрылып келерин жана бардыгын өлтүрөм деген коркутуусун айтып кеткен.

Аталган факты Каракол ШИИБинин ЖКБРна катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен каракчылык жасоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары ушул эле шаардын тургуну 38 жаштагы Д.К. кармалып, алгачкы суракта өзүнүн күнөөсүн толук моюнуна алды. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан